Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Кыргызстандын Маданият министрлигинин башчысы менен АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары эки тараптуу кызматташууну талкуулашты

«Маданият» (АКИpress) - 5-июнда Ташкентте Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Америка Кошмо Штаттарынын маданият министрлеринин С5+1 форматындагы жолугушуусунун алкагында Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев менен АКШнын мамлекеттик катчысынын коомдук дипломат

0 көрүүakipress.org
Кыргызстандын Маданият министрлигинин башчысы менен АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары эки тараптуу кызматташууну талкуулашты
Paylaş:

«Маданият» (АКИpress) - 5-июнда Ташкентте Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Америка Кошмо Штаттарынын маданият министрлеринин С5+1 форматындагы жолугушуусунун алкагында Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев менен АКШнын мамлекеттик катчысынын коомдук дипломатия боюнча орун басары Сара Роджердин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар маданий-гуманитардык чөйрөдө кыргыз-америка кызматташтыгын өнүктүрүү, анын ичинде маданий мурастарды сактоо, жаштардын демилгелерин колдоо, чыгармачыл билим берүү жана креативдүү өндүрүштөрдү талкуулашты Мамбеталиев АКШ менен конструктивдүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн жана мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн негизи катары 2025-жылдын 7-ноябрында С5+1 саммитинде кабыл алынган Маданий мурастарды сактоо боюнча биргелешкен билдирүүнүн маанисин белгиледи Жолугушуунун жүрүшүндө биргелешкен маданий-агартуу демилгелерин ишке ашырууга, тажрыйба алмашууга жана кесиптик жана жаштар кызматташтыгын кеңейтүү перспективаларына көңүл бурулду Кыргыз тарап 2026-жылы өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктар тууралуу маалымат берип, АКШ өкүлдөрүн катышууга чакырды

Diğer Haberler