Министрлер кабинетинин башчысы Ташкентке келди. Аны менен ким таанышты (фото)
Бүгүн, 16-июнда Адылбек Касымалиев иш сапары менен Ташкентке келди. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди Министрлер кабинетинин башчысынын учагы Хумо эл аралык аэропортуна конду. Аны Өзбекстандын вице-премьер-министри Ачилбай Раматов жана башка расмий адамдар тосуп алы

Бүгүн, 16-июнда Адылбек Касымалиев иш сапары менен Ташкентке келди. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди Министрлер кабинетинин башчысынын учагы Хумо эл аралык аэропортуна конду. Аны Өзбекстандын вице-премьер-министри Ачилбай Раматов жана башка расмий адамдар тосуп алышты Аэропорттун флагштокторунда V Ташкент эл аралык инвестициялык форумуна катышкан мамлекеттердин мамлекеттик желектери көтөрүлүп, ардактуу кароолдун ротасы тизилди Бул иш сапарынын алкагында Адылбек Касымалиев V Ташкент эл аралык инвестициялык форумуна катышып, пленардык жыйында сөз сүйлөйт. Өзбекстандын жогорку даражалуу өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушуулар жана бир катар объектилерге баруу да пландалууда


