Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети «Кыргызфармация» боюнча материалдарды сотко берди
«Ден соолук» (АКИpress) - УКМК «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы боюнча материалдарды сотко өткөрдү, деп билдирди УКМКнын төрагасынын орун басары Алмаз Ажыгулов 9-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет комитетинин жыйынында Комитет Эсеп палатасынын төрагасынын 2025-жылга карата отчетун укту Анын айтым

«Ден соолук» (АКИpress) - УКМК «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы боюнча материалдарды сотко өткөрдү, деп билдирди УКМКнын төрагасынын орун басары Алмаз Ажыгулов 9-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет комитетинин жыйынында Комитет Эсеп палатасынын төрагасынын 2025-жылга карата отчетун укту Анын айтымында, Эсеп палатасы 54 материалды УКМКга өткөрүп берген. Эки факты боюнча кылмыш иши козголуп, келтирилген зыяндын орду толтурулуп, 3,5 миллион сомго жакын сумманы түздү Ажыгулов кошумчалагандай, калганы боюнча 2,5 миллиард сомго жакыны текшерүү учурунда аныкталган, анын негизги бөлүгү “Кыргызфармация” ишканасына тиешелүү. Бул материалдардын негизинде тергөө иштери аяктап, иштер сотко өткөрүлүп, каралып жатат. «Калган материалдар катталып, текшерүү стадиясында», - деди ал


