Террорчулукка айыпталып Критте кармалган шектүүнүн Түштүк Кипр менен байланышы бар экени айтылды
Террордук айып менен Критте камакка алынган 37 жаштагы Палестина тектүү кишинин Түштүк Кипрде ушундай эле айыптоо менен кармалган 4 киши менен байланышы бар экени белгиленди «Алитиа» гезити жана башка гезиттер Афина кабар агенттигине таянуу менен жарыялаган кабарда сөз болгон адамдын Хамас террорд

Террордук айып менен Критте камакка алынган 37 жаштагы Палестина тектүү кишинин Түштүк Кипрде ушундай эле айыптоо менен кармалган 4 киши менен байланышы бар экени белгиленди «Алитиа» гезити жана башка гезиттер Афина кабар агенттигине таянуу менен жарыялаган кабарда сөз болгон адамдын Хамас террордук уюмунун мүчөсү экени жана террордук иш-аракеттер боюнча билим алганы белгиленди Гезит тиешелүү органдардын маалыматына таянып, 37 жаштагы жаран жардыргыч заттарга жана ыкчам аракеттерге атайын даярдыктан өткөнүн белгилеген Палестина тектүү адамдын жакында Түштүк Кипрде террордук кылмыштары үчүн камакка алынган 4 киши менен байланышы болгонун белгилеген гезит сөз болгон адамдын Хамастын мүчөсү экенин да моюнга алганын жазган Кабарга караганда, үй-бүлөсү менен Газада жашаган палестиналык жаран Түштүк Кипрде камакка алынгандардын бири менен бирге Хамас тарабынан ишке алынган


