ШКУнун Башкы катчысы Садыр Жапаровду жана кыргыз элин өлкөнүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктады
Бишкек (АКИpress) – Шанхай Кызматташтык Уюмунун Башкы катчысы Нурлан Эрмекбаев президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин бир нече жылдар бою туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктады Эрмекбаевдин куттуктоо телеграммасынын текстин

Бишкек (АКИpress) – Шанхай Кызматташтык Уюмунун Башкы катчысы Нурлан Эрмекбаев президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин бир нече жылдар бою туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктады Эрмекбаевдин куттуктоо телеграммасынын текстин мамлекет башчынын басма сөз кызматы таратты: «Бул олуттуу жетишкендик Кыргыз Республикасынын жогорку эл аралык беделинин ынанымдуу далили, анын тынчтыкты, коопсуздукту, туруктуу өнүгүүнү жана көп тараптуу кызматташтыкты чыңдоого кошкон ырааттуу салымын таануу болуп саналат Кыргыз Республикасынын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин ишине катышуусу Шанхай Кызматташтык Уюмунун максаттарына жана милдеттерине шайкеш келген өз ара урматтоо, бирдей диалог жана актуалдуу эл аралык көйгөйлөрдү чечүү жолдорун жамааттык издөө принциптерин илгерилетүүгө көмөктөшөт деп ишенем Сизге чың ден соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө мындан аркы ийгиликтерди, ал эми дос Кыргыз Республикасынын элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалайм”


