Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

UTC башкы катчысы Азербайжандын премьер-министри менен борбордук банктар ортосундагы кызматташтыкты талкуулады

Бишкек (АКИpress) – Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев Баку шаарында өтүп жаткан Түрк мамлекеттеринин Борбордук банктар кеңешинин экинчи жыйынында премьер-министр Али Асадов менен жолугушту. Бул тууралуу Өмүралиев социалдык тармактардагы баракчасына билдирди Анын айтымында

0 көрүүakipress.org
UTC башкы катчысы Азербайжандын премьер-министри менен борбордук банктар ортосундагы кызматташтыкты талкуулады
Paylaş:

Бишкек (АКИpress) – Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев Баку шаарында өтүп жаткан Түрк мамлекеттеринин Борбордук банктар кеңешинин экинчи жыйынында премьер-министр Али Асадов менен жолугушту. Бул тууралуу Өмүралиев социалдык тармактардагы баракчасына билдирди Анын айтымында, Азербайжандын Премьер-министри жана UTC Борбордук банктар кеңешинин экинчи отурумунун делегация башчылары менен жолугушууда уюмга мүчө мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарынын ортосундагы практикалык кызматташууну кеңейтүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди Тараптар акча-кредит саясаты жана банк секторунун ишин координациялоо жаатындагы өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү маселелерин талкуулашты. Түрк дүйнөсүндө финансылык туруктуулукту бекемдөөгө жана туруктуу экономикалык өсүш үчүн шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду "Мен UTC мүчө-мамлекеттеринин борбордук (улуттук) банктарынын ортосундагы практикалык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледим. Биздин талкуулар түрк дүйнөсүндө финансылык туруктуулукту чыңдоо жана туруктуу экономикалык өсүшкө көмөк көрсөтүү үчүн акча-кредит саясаты жана банктык координация чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө арналды", — деп жазган Өмүралиев

Diğer Haberler