Башкы прокуратура Кочарянды өзүнө алды
Армениянын Башкы прокуратурасы өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясына “Армения” оппозициялык блогунун лидери, экс-президент Роберт Кочарянга кылмыш ишин козгоо өтүнүчүн жөнөттү, деп билдирди Армениянын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы Ошондой эле “Армения” блогунун депутаттыкка талапкерлери

Армениянын Башкы прокуратурасы өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясына “Армения” оппозициялык блогунун лидери, экс-президент Роберт Кочарянга кылмыш ишин козгоо өтүнүчүн жөнөттү, деп билдирди Армениянын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы Ошондой эле “Армения” блогунун депутаттыкка талапкерлери Асатур Кочарян менен Руслан Барсегянга кайрылуу жөнөтүлдү 14-июнда армян маалымат каражаттары Роберт Кочарянга Звартноц аэропортунда Армениядан учуп чыгууга тыюу салынганын жазып чыгышкан Парламенттик шайлоонун жыйынтыгында Армения блогу парламентке кирген үчүнчү күч болуп калды


