Жерди мыйзамдаштыруу боюнча комиссиянын ишин Башкы прокуратура координациялайт
Бишкек (АКИpress) – Жерге мунапыс берүү алкагындагы талаштуу маселелерди карай турган мамлекеттик комиссиянын курамына Башкы прокуратуранын, УКМКнын, Ички иштер министрлигинин жана бир катар тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү кирет, деп билдирди Жер ресурстары, кадастр жана Геодография боюнча мамлек

Бишкек (АКИpress) – Жерге мунапыс берүү алкагындагы талаштуу маселелерди карай турган мамлекеттик комиссиянын курамына Башкы прокуратуранын, УКМКнын, Ички иштер министрлигинин жана бир катар тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү кирет, деп билдирди Жер ресурстары, кадастр жана Геодография боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Ж. Кеңеш 4-июнда “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун талкуулоодо депутат Ырысбек Атажанов талаштуу жер маселелерин карай турган комиссиянын курамына кызыкты Жеембаевдин айтымында, комиссиянын ишин башкы прокурордун орун басары координациялайт Анын курамына Курулуш министрлигинин, Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин, Айыл чарба министрлигинин, УКМКнын, Ички иштер министрлигинин, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, ошондой эле Маданият министрлигинин өкүлдөрү кирет Чиновник түшүндүргөндөй, комиссиянын курамына жер мамилелери жана жер тилкелерин мыйзамдаштыруу маселелери боюнча бардык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирет Комиссия жер амнистиясынын алкагында талаштуу иштерди кароо үчүн түзүлөт жана жер тилкелери боюнча чечимди бардык материалдарды изилдеп, зарыл болгон учурда мыйзамдуу күчүнө кирген сот чечимдерин эске алуу менен кабыл алат


