Мамлекеттик МАИ кызматкерлери жол коопсуздугунун чараларын күчөтүүдө
Алдыдагы дем алыш жана майрам күндөрүнө байланыштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ГКБ) жол кыймылынын катышуучуларына кайрылуу жасады Ведомстводон кабарлашкандай, бул мезгилде республикалык маанидеги автожолдордо, өзгөчө туристтик жана курорттук аймактарга багыттарда ун

Алдыдагы дем алыш жана майрам күндөрүнө байланыштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ГКБ) жол кыймылынын катышуучуларына кайрылуу жасады Ведомстводон кабарлашкандай, бул мезгилде республикалык маанидеги автожолдордо, өзгөчө туристтик жана курорттук аймактарга багыттарда унаа агымынын көбөйүшү күтүлүүдө Жол кайгуул кызматы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн профилактикалык иш-чаралар күчөтүлөрүн белгилеп, айдоочуларды жолдордо максималдуу жоопкерчиликке чакырды "Айдоочуларга ылдамдыкты аба ырайы жана жол шарттарын эске алуу менен тандап алуу, чарчаганда, уктабай же өзүн жаман сезгенде айдап жүрбөө сунушталат. Ошондой эле коопсуз аралыкты сактоо, ашып түшүү коркунучу бар маневрлардан алыс болуу, жол белгилеринин талаптарын так сактоо жана айдоо алдында унаанын техникалык абалын текшерүү зарыл", — деп айтылат кайрылууда


