ФБР Ак үйгө учкучсуз учактын чабуулун алдын алып, 5 адамды кармады
Федералдык иликтөө бюросу (ФБР) Ак үйгө дрон менен жасалган жардыргыч чабуулдун алдын алды "New York Post" гезитинин маалыматына караганда, бул маселе боюнча 5 адам кармалган Кол салуу Ак үйдө өткөн UFC Freedom 250 иш-чарасы учурунда жасалмакчы Маалыматка ылайык, мүмкүн болгон чабуулдун биринчи э

Федералдык иликтөө бюросу (ФБР) Ак үйгө дрон менен жасалган жардыргыч чабуулдун алдын алды "New York Post" гезитинин маалыматына караганда, бул маселе боюнча 5 адам кармалган Кол салуу Ак үйдө өткөн UFC Freedom 250 иш-чарасы учурунда жасалмакчы Маалыматка ылайык, мүмкүн болгон чабуулдун биринчи этабында жардыргыч заттар жүктөлгөн дрон окуя болгон жерге жакын имараттарга урунуп, муну менен массалык дүрбөлөңгө түшүп, адамдарды аймактан чыгарып, качкан адамдарды снайперлердин аткылоосуна ыңгайлуу бутага айландырышы керек, ал эми экинчи этапта кол салгандар Ак үйдүн дарбазасына кириши керек Кол салуу планы 10-июнда ачыкка чыгып, иликтөөнүн натыйжасында 5 киши камакка алынган Кармалгандардын биринин телефонун текшерүү учурунда аталган адамдар «Сигнал» тиркемеси аркылуу теракттын чоо-жайын талкуулашканы аныкталган Кармалган адам кол салуунун бутасы "AIPACтан (Америкалык Израилдин коомдук байланыштар комитети) акча алган капиталисттик элита, миллиардерлер жана саясатчылар" экенин айтты Белгилей кетсек, иш-чарага 4300гө чейин катышуучу болгон Белгилей кетсек, иш-чара Трамптын 80 жылдык мааракесине туш келип, Трамп ал кезде UFC мелдешин көргөн


