FT: Конгодогу Эбола эпидемиясы келечектеги глобалдык пандемияга репетиция болушу мүмкүн
Конго Демократиялык Республикасындагы (КДР) Эбола эпидемиясы глобалдык саламаттыкты сактоо чыгымдары азайган учурда дүйнө туш болушу мүмкүн болгон коркунучтардын жарчысы катары каралууда Бул тууралуу "Financial Times" гезити жазды Басылманын маалыматы боюнча, Эл аралык байланыштар кеңешинин глоба

Конго Демократиялык Республикасындагы (КДР) Эбола эпидемиясы глобалдык саламаттыкты сактоо чыгымдары азайган учурда дүйнө туш болушу мүмкүн болгон коркунучтардын жарчысы катары каралууда Бул тууралуу "Financial Times" гезити жазды Басылманын маалыматы боюнча, Эл аралык байланыштар кеңешинин глобалдык ден соолук программасынын директору Томас Боллик азыркы кырдаалды “жаңы дүйнөлүк саламаттык сактоо системасынын бузулуу сызыгында өнүгүп жаткан эпидемия” катары мүнөздөдү Эксперт мындай өзгөчө кырдаалдарды жоюу үчүн дарыгерлер менен илимпоздордун билими, тажрыйбасы жетиштүү болгону менен, алар таянган мекемелер, элдин колдоосу мурунку жылдарга салыштырмалуу солгундап кеткенин айтты "Биздин кырдаал COVID-19 пандемиясынан кийин коомдук жана глобалдык ден-соолукка болгон терс мамиледен улам начарлап кетти. Эгер дүйнө глобалдык саламаттыкты сактоо тармагында ийгиликке муктаж болгон учур болсо, анда ал азыр", - деп баса белгиледи Боллики


