Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Freedom Now кыргызстандык активист Тилекмат Кудайберген уулунун кармалышы боюнча БУУга кайрылды

Эл аралык Freedom Now укук коргоо уюму учурда Кыргызстанда камакта жаткан кыргызстандык активист Тилекмат Кудайберген уулунун иши боюнча арыз менен БУУнун негизсиз камоолор боюнча жумушчу тобуна кайрылды Арызды Freedom Now менен бирге Hausfeld эл аралык юридикалык фирмасы даярдаган. Укук коргоочул

0 көрүүazattyqasia.org
Freedom Now кыргызстандык активист Тилекмат Кудайберген уулунун кармалышы боюнча БУУга кайрылды
Paylaş:

Эл аралык Freedom Now укук коргоо уюму учурда Кыргызстанда камакта жаткан кыргызстандык активист Тилекмат Кудайберген уулунун иши боюнча арыз менен БУУнун негизсиз камоолор боюнча жумушчу тобуна кайрылды Арызды Freedom Now менен бирге Hausfeld эл аралык юридикалык фирмасы даярдаган. Укук коргоочулар Бириккен Араб Эмираттарынын бийликтери активистти чет өлкөдөн саясий башпаанек сурап жүргөнүнө карабай мыйзамсыз кармап, Кыргызстанга өткөрүп берген деп эсептешет «Кыргыз бийлиги Тилекмат Кудайберген уулун бир нече жылдан бери куугунтуктап, саясый жана экологиялык ишмердүүлүгү үчүн, ал тургай өлкөдөн тышкары жүргөндө да жазалоого аракет кылып келет», - дейт Freedom Now уюмунун юристи Адам Лхедмат. Анын айтымында, уюм БУУнун түзүмдөрү активистти тез арада бошотууну жана компенсация төлөп берүүнү талап кылат деп күтүүдө Тилекмат Кудайберген уулу Кыргызстанда COVID-19 пандемиясында бийликти сындап, коррупцияга каршы чыккандан кийин белгилүү болгон. 2021-жылы президент Садыр Жапаровдун конституциялык реформасына каршы митинг өткөрүүгө аракет кылганы үчүн бир жарым жылга эркинен ажыратылган. Сот аны бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган жана шайлоочуларды сатып алган деген айып менен күнөөлүү деп тапты. Активист өзү бул ишти саясий куугунтук деп атады Кудайберген бошотулгандан кийин Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы аймактын бир бөлүгүн Өзбекстанга өткөрүүгө каршы чыккандар уулу да кошулган. 2022-жылы күзүндө Кыргызстанда “Кемпир-Абад окуясы” деп аталган саясатчыларды жана активисттерди массалык түрдө кармоо башталганда ал өлкөдөн чыгып кеткен. Алгач Казакстанга, андан соң Орусияга барып, кийин АКШдан башпаанек алган Чет өлкөдө жүргөндө активист кыргыз бийлигин сындаганын уланткан. 2024-жылдын январында Бишкек аны мамлекеттик төңкөрүшкө даярданган деп сыртынан айыптап, эл аралык издөөгө салган 2024-жылдын ноябрь айында Кудайберген уулу Дубайга келген. Активисттин айтымында, экс-депутат Эмил Жамгырчиев менен жолугушуудан кийин анын паспорту жоголуп, андан соң Кыргызстандын өтүнүчү менен милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Кийинчерээк ал бошотулган, бирок документтеринин жоктугунан дээрлик жарым жыл БАЭден чыга алган эмес. Жамгырчиев өзүнө тагылган айыптарды четке какты Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 2025-жылдын 19-апрелинде активист Бишкекке БАЭден алынып келингенин билдирген. Башкармалык ал конституциялык түзүлүшкө каршы оор кылмыштарга шектелип жатканын билдирди Азыр Кудайберген уулу камакта. 2026-жылдын февраль айында ага расмий айып тагылып, андан кийин сот иши башталган Бул иштин фонунда кыргыз бийлиги активист менен байланышы бар башка айыпталуучулардын да артынан түшкөн. Тактап айтканда, укук коргоочу Рита Карасартова жана дагы бир нече адам массалык баш аламандык жана бийликти басып алууга чакырыктар боюнча айыпталып, сот тарабынан күнөөлүү деп табылды. Аларга шарттуу түрдө эркинен ажыратылып, айып пул салынгандан кийин сот залынан бошотулган Кемпир-Абад келишимине жана конституциялык реформага каршы нааразылык акцияларынан кийин Кыргызстанда бийликти сындагандарга кысым күчөгөнүн укук коргоочу уюмдар буга чейин бир нече жолу жарыялашкан Azattyk Asia © 2026 RFE/RL, Inc. | Бардык укуктар корголгон

Diğer Haberler