Франция алтынды АКШдан чыгарды
Франциянын Борбордук банкы (ББ) АКШнын Федералдык резервинде калган алтынды сатты. Бул тууралуу француздардын RFI басылмасы жазып чыкты 2025-жылдын июлунан 2026-жылдын январына чейин Франциянын Борбордук банкы (Banque de France) 129 тонна алтын менен 26 транзакция жүргүзгөн (өлкөнүн жалпы резервини

Франциянын Борбордук банкы (ББ) АКШнын Федералдык резервинде калган алтынды сатты. Бул тууралуу француздардын RFI басылмасы жазып чыкты 2025-жылдын июлунан 2026-жылдын январына чейин Франциянын Борбордук банкы (Banque de France) 129 тонна алтын менен 26 транзакция жүргүзгөн (өлкөнүн жалпы резервинин 5%га жакыны) Океандын аркы өйүзүндө кымбат баалуу жана опурталдуу куймаларды ташуунун ордуна банк арбитраждык операция жүргүзгөн: ал АКШда алтын саткан жана ошол эле учурда Европада да ушундай эле сумманы сатып алган. Ондогон жылдар мурда алтын алда канча арзан баада сатылып алынганынын аркасында азыркы рыноктук ревальвация Францияга 12,8 миллиард евро таза киреше алып келди. Бул Франция Банкына 2025-жылды 8,1 миллиард евро таза киреше менен бүтүрүүгө мүмкүндүк берди, бул бир жыл мурда алынган 7,7 миллиард евро жоготуулардын ордун толтурду Франция банкы 2005-жылдан бери эски, стандарттуу эмес алтынды заманбап эл аралык стандарттарга жооп берген куймаларга алмаштырып келе жатканы баса белгиленген Франциянын алтын-валюта резервинин жалпы көлөмү өзгөрүүсүз калды – 2437 тоннага жакын Ал эми Германияда экономисттер АКШ президенти Дональд Трамптын “болжолдонбогон” саясатына тынчсызданып, өкмөттү АКШдан алтынды алып кетүүгө чакырышты


