Франция Кипрге аскерлерин жайгаштырмакчы. Түндүк Кипр нааразы
Франция Кипрге (аралдын грек бөлүгү) 8-июнда күч статусу боюнча келишимге кол койгондон кийин өз аскерлерин жайгаштыра алат.Бул тууралуу Politico Кипр өкмөтүндөгү жогорку даражалуу булактарга таянуу менен билдирди Басылманын маалыматы боюнча, документке Никосияда Франциянын куралдуу күчтөрүнүн мин

Франция Кипрге (аралдын грек бөлүгү) 8-июнда күч статусу боюнча келишимге кол койгондон кийин өз аскерлерин жайгаштыра алат.Бул тууралуу Politico Кипр өкмөтүндөгү жогорку даражалуу булактарга таянуу менен билдирди Басылманын маалыматы боюнча, документке Никосияда Франциянын куралдуу күчтөрүнүн министри Кэтрин Вотрин менен Кипрдин коргоо министри Василис Пальмас Европанын тышкы иштер боюнча кеңешинин коргонуу форматындагы бейформал жыйынынын алкагында кол коюшат Кипрдин президенти Никос Кристодулидес келишим "кеңейтилген кызматташтыктын алкагында француз аскерлеринин Кипрдин аймагында гуманитардык максаттар үчүн гана болушун камсыздайт" деп түшүндүрдү Бул келишимге аралдын тундук-турк белугунун администрациясы каршы чыкты. Алар француз аскерлеринин келиши кипрлик түрктөрдүн укуктарын бузуп, күчтөрдүн тең салмактуулугун өзгөртүп, чыңалууну күчөтөөрүн айтышты. Алар ошондой эле Кипрдин бүт аралдын атынан мындай келишимдерге кол коюуга укугу жок экенин баса белгилешти


