Франция Кипрге аскерлерин киргизди - Түркияга коркунуч
Франция Кипрде езунун согуштук тур-мушун кецейтип жатат Modern.az агенттиги Politico басылмасынын маалыматына ылайык, 8-июнда Франция менен Түштүк Кипрдин коргоо министрлери Күчтөрдүн статусу боюнча келишимге (SOFA) кол коюшат. Документ француз аскерлерине аралга кирүү мүмкүнчүлүгүн берет Франциян

Франция Кипрде езунун согуштук тур-мушун кецейтип жатат Modern.az агенттиги Politico басылмасынын маалыматына ылайык, 8-июнда Франция менен Түштүк Кипрдин коргоо министрлери Күчтөрдүн статусу боюнча келишимге (SOFA) кол коюшат. Документ француз аскерлерине аралга кирүү мүмкүнчүлүгүн берет Франциянын президенти Эммануэль Макрон бул келишимге кол коюуну апрель айында Кипрге жасаган сапары учурунда билдирген. Кипрдин президенти Никос Кристодулидис бул келишим “Гуманитардык максаттар үчүн Кипрдин аймагында француз күчтөрүнүн болушун камсыздайт” жана аймактык кызматташтыкты бекемдейт деп билдирди Politico билдиргендей, келишимде аскердик координация, коргонуу технологияларын бөлүшүү жана биргелешкен машыгуулар да бар Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн жакындашынын негизги себептеринин бири мартта ирандык учкучсуз учактын Кипрге кол салуусу болгон Макрон ошол кезде: «Кипрге кол салуу болгондо, Европага чабуул жасалды Франциянын "Шарль де Голль" авианосеци жана анын сокку уруучу тобу бул аймакта май айынан бери иштеп жатат Белгилей кетсек, Кипр аралы 1974-жылдан бери эки бөлүккө бөлүнүп, аралдын түндүгүндө түрк коомчулугу, түштүгүндө грек коомчулугу жашайт
