Франция Чикаго конвенциясын бузуу менен Арменияга аскердик жүк жеткирген болушу мүмкүн
Франция 1944-жылдагы Чикаго конвенциясынын жоболорун бузуп, жарандык жүк деген ат менен Арменияга аскердик жүк ташыган болушу мүмкүн «Репорт» мындай корутундуга Франциянын аскердик-транспорттук самолетторунун Армениядагы учуу маалыматтарына таянып келууге бо-ло тургандыгын билдирет "Anewz" телека

Франция 1944-жылдагы Чикаго конвенциясынын жоболорун бузуп, жарандык жүк деген ат менен Арменияга аскердик жүк ташыган болушу мүмкүн «Репорт» мындай корутундуга Франциянын аскердик-транспорттук самолетторунун Армениядагы учуу маалыматтарына таянып келууге бо-ло тургандыгын билдирет "Anewz" телеканалы француз маалымат каражаттарынын расмий версиясын да, француз авиациясынын Ереванга учуулары тууралуу маалыматты да тартуулады Материалда француз маалымат каражаттары окуянын расмий версиясын сунуштаганы белгиленген Айрыкча Le Figaro гезити Франциянын президенти Эммануэль Макрондун өткөн аптада Ереванга жасаган сапарын Армения менен болгон стратегиялык өнөктөштүктүн бир бөлүгү катары мүнөздөйт. Бул күн тартибине коргоо тармагындагы кызматташтык, анын ичинде Армениянын 2024-жылы Франциядан 36 даана «Цезарь» гаубицасын сатып алуу буйругун да камтыды Бирок материалдын авторлору расмий өнөктөштүк тереңирээк аскердик өнөктөштүк менен коштолуп жатабы деген суроону коюшууда Э.Макрондун Арменияга расмий сапары 5-майда башталган.ADS-B маалыматына ылайык, 4-майда Франциянын Аба-космос күчтөрүнө таандык "Airbus A330-200" учагы Ереванга барган. Эртеси учак Еревандан Парижге учуп, андан соң Франциядагы Истре-Ле-Тюбе аскерий авиабазасына жөнөгөн Маалымат учактын кыймылын тастыктайт, бирок жүктүн мүнөзүн ачыкка чыгарбайт: «Бул рейс расмий транспорт үчүн гана колдонулганбы же кеңири аскердик колдоонун бир бөлүгүбү?» деген суроо туулат Кошумчалай кетсек, ушул эле учак буга чейин 29-марттан 3-апрелге чейин Япония менен Түштүк Кореянын аймагында катталган. Ошол кезде Франция менен Япониянын коргоо министрлери Токиодо коргонуу тармагындагы кызматташуунун “жол картасына” кол коюшкан. Түштүк Кореяда 3-апрелде Макрон менен президент Ли Чжэ Мён кызматташтыкты, анын ичинде коргонуу жана энергетика тармагында тереңдетүүнү макулдашты. Жыйынтыгында учактын кыймылын кайрадан көрүп жатабыз, бирок ташылып жаткан конкреттүү жүк тууралуу маалыматыбыз жок Материалда француздук "А400М" аскердик учактарына өзгөчө көңүл бурулган. 11-майдагы байкоо маалыматтарына караганда, ал Түштүк Кавказды көздөй жылган Белгиленгендей, бул каттамдагы жүк Грузия үчүн газ баллондору, литий батареялары жана химиялык заттар деп жарыяланган. Бирок суроо туулат: иш жүзүндөгү жүк жарыяланган сыпаттамага туура келгенби же кеп "Цезарь" гаубицанын же курал-жаракка тиешелүү башка жабдуулардын компоненттери жөнүндө болушу мүмкүнбү? 28-майда Арменияда өтө турган парадга даярдыктын алкагында жарыяланган кадрларда бул маселе өзгөчө актуалдуу болуп калганы материалда айтылган. Демек, маселе бир эле Э.Макрондун сапарына эмес, бул сапарда эмнелер ташылганы, Грузияга кандай жүктер туура келгени, рейске кандай жүктөр туура келгени, рейске уруксат берилген унаанын мыйзамдуу статусу же берилбегенине да тиешелүү 1944-жылкы Чикаго конвенциясына ылайык, жарандык жана аскердик учактар ар кандай укуктук режимдер менен башкарылат. Ушуга байланыштуу аскердик жүктөрдү башка декларация боюнча ташуу аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат берүү, транзиттик жана жарандык авиация эрежелерин сактоо боюнча суроолорду жаратышы мүмкүн Ошол эле учурда материалда жүк тууралуу маалымат азырынча биротоло тастыктала электиги айтылат: "Коомчулукка жеткиликтүү болгон маалымат өнөктөштүктү тастыктайт, учуу маалыматтары - кыймылдар жана видеотасмалар Арменияда Цезарь системаларынын бар экенин тастыктайт. Бирок, жүк тууралуу маалымат дагы эле ырастоону талап кылат. А400М манифестиндеги документтер жана Грузиянын көз карандысыз трансмити менен тастыкталганга чейин маселе ачык бойдон калууда. Айыптар дагы деле далилденген жок, бирок жагдай жооп талап кыла тургандай олуттуу Албетте, биринчиден, Париж же Ереван тарабынан берилген жооптор кырдаалды тактап алмак, бирок азырынча эки тарап тең билдирүү жасай элек. Ушул себептен улам, колдо болгон материалдар аскерий учак Арменияга курал-жарак жана башка аскердик жүктөрдү ташып бараткан деп ырастоого негиз берет. Мындан тышкары, каттамдарды жашыруун сактоо, б.а. жүктүн мүнөзү тууралуу расмий маалымат бербөө Франциядан Арменияга жашыруун аскердик жүк ташылып жатат деген шектенүүнү ого бетер күчөтөт Франция Чикаго конвенциясын бузуу менен Арменияга аскердик жүк жеткирген болушу мүмкүн Аларды колдонууда сайттагы материалдарга кайрылуу маанилүү. Веб-баракчаларда маалымат колдонулганда, гипершилтеме менен шилтеме милдеттүү болуп саналат


