Сүрөттөр жана видеолор - “Бандит” рейди учурунда уюшкан кылмыштуу топтун 20дан ашык мүчөсү милицияга жеткирилди
«Кыскача» (АКИpress) - Милиция кызматкерлери тарабынан «Бандит» ыкчам-профилактикалык иш-чарасы өткөрүлдү, деп билдирди бүгүн, 6-июнда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы Рейддин максаты - тергөө органдарынан жана соттон жашырынып жүргөн адамдарды издөө, мыйзамсыз сакт

«Кыскача» (АКИpress) - Милиция кызматкерлери тарабынан «Бандит» ыкчам-профилактикалык иш-чарасы өткөрүлдү, деп билдирди бүгүн, 6-июнда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы Рейддин максаты - тергөө органдарынан жана соттон жашырынып жүргөн адамдарды издөө, мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана баңги заттарды аныктоо жана алуу, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун кылмыштуулукка таасиринин алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүү 20дан ашык адам полиция бөлүмдөрүнө жеткирилди. Алар уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү катары Ички иштер министрлигинин каттоосунда экени белгилүү болду


