Казакстанда туу, герб жана гимн: мамлекеттик символдорду колдонуу эрежелери өзгөртүлөт
Өкмөт мамлекеттик символикаларды колдонууну жөнгө салуучу токтомго өзгөртүү киргизгени жатат, деп билдирет Orda.kz Акордага шилтеме берип Өлкөнүн мамлекеттик символдоруна болгон мамиледе так эмне өзгөрөрү азырынча тактала элек. Мүмкүн, кеп мамлекеттик символдорго таазим кылууну мыйзамдык жактан бе

Өкмөт мамлекеттик символикаларды колдонууну жөнгө салуучу токтомго өзгөртүү киргизгени жатат, деп билдирет Orda.kz Акордага шилтеме берип Өлкөнүн мамлекеттик символдоруна болгон мамиледе так эмне өзгөрөрү азырынча тактала элек. Мүмкүн, кеп мамлекеттик символдорго таазим кылууну мыйзамдык жактан бекемдөө жөнүндө болуп жатат "Чыныгы мекенчилдер гана өлкөнү өнүгүүгө алып барат, чек арасын кайтарат. Башкача айтканда, мекенчилдик мамлекетибиздин коопсуздугунун жана аймактык бүтүндүгүнүн кепилдиги катары кызмат кылат. Жакынкы арада өкмөт мамлекеттик символикаларды колдонууну жөнгө салган токтомго өзгөртүү киргизет. Мамлекеттик символдорду сыйлоо ар бир жарандын милдети жана мамлекетти сыйлоонун белгиси", - деди президент Ал кошумчалагандай, мамлекеттик символдордун беделин бекемдөө мамлекеттик маанидеги маселе Буга чейин Ички иштер министрлиги гербди таштанды челектен алып кеткен блогердин айып пулуна жооп кайтарган


