Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Financial Times: Дүйнөлүк мунай запастары рекорддук темп менен азайып баратат

Апрель айында дүйнөлүк мунай запастары болжол менен 200 миллион баррелге азайып, рекорддук көрсөткүч болду. Бул тууралуу Financial Times гезити S&P Global Energy жана Goldman Sachs компанияларынын маалыматтарына таянуу менен билдирди Goldman Sachs уюмунун эсебинде, мунайдын дүйнөлүк запастары акыр

0 көрүүazattyqasia.org
Financial Times: Дүйнөлүк мунай запастары рекорддук темп менен азайып баратат
Paylaş:

Апрель айында дүйнөлүк мунай запастары болжол менен 200 миллион баррелге азайып, рекорддук көрсөткүч болду. Бул тууралуу Financial Times гезити S&P Global Energy жана Goldman Sachs компанияларынын маалыматтарына таянуу менен билдирди Goldman Sachs уюмунун эсебинде, мунайдын дүйнөлүк запастары акыркы сегиз жылдагы эң төмөнкү деңгээлге жакындап баратат Талдоочулар запастардын кыскарышы мунайга дүйнөлүк суроо-талаптын төмөндөшүнүн фонунда болуп жатканын белгилешүүдө. Апрель айында суроо-талап күнүнө болжол менен 5 миллион баррелге кыскарган. Коронавирустук пандемия учурунда гана кескин төмөндөө катталган S&P Global Energy рыноктун запастардын тез азайышына толук жооп бере элек деп эсептейт. Компаниянын аналитиктеринин баамында, мунайдын кымбатташы уланышы мүмкүн «Файнэншл тайме» газетасы белгилегендей, абалдын себептеринин бири Жакынкы Чыгыштагы согуш болду. Басылма маектешкен эксперттердин айтымында, жаңжалдан улам 1 миллиард баррелге жакын мунай дүйнөлүк рынокко чыкпай калган Согуштук аракеттер башталганга чейин дүйнөдөгү мунайдын 20 пайызына чейинкиси Ормуз кысыгы аркылуу өткөн. Март айынын башынан бери кысык аркылуу кыймыл токтоп турат Azattyk Asia © 2026 RFE/RL, Inc. | Бардык укуктар корголгон

Diğer Haberler