Финалда утулуп калган Криштиану Роналду беттештин аягында катуу ыйлады
Криштиану Роналду ойногон "Аль Наср" Азия чемпиондор лигасынын 2 финалдык беттешинде Гамба Осакага 1-0 эсебинде жеңилип калды Сауд Аравиянын "Аль Наср" командасынын 41 жаштагы португалиялык жылдызы Криштиану Роналду беттеш аяктаганда көзүнө жаш алды. Катуу ыйлаган жылдыздын кайгысы көз ирмем сайын

Криштиану Роналду ойногон "Аль Наср" Азия чемпиондор лигасынын 2 финалдык беттешинде Гамба Осакага 1-0 эсебинде жеңилип калды Сауд Аравиянын "Аль Наср" командасынын 41 жаштагы португалиялык жылдызы Криштиану Роналду беттеш аяктаганда көзүнө жаш алды. Катуу ыйлаган жылдыздын кайгысы көз ирмем сайын камерага чагылып турду 2023-жылдан бери "Аль-Насрда" ойноп жаткан Криштиану Роналду командасы менен 5 финалдык беттештин тең утулуп калды. Ошентип, Роналду Сауд Аравиянын командасында азырынча бир дагы кубок ута элек Аль-Насрда бардык мелдештерде 142 беттеш өткөргөн Роналду атаандашынын дарбазасына 121 гол киргизүүгө жетишкен. Жылдыз оюнчу дагы 24 голго пас киргизген


