Филиппиндеги жер титирөөдө каза болгондордун саны 37ге жетти
Филиппиндин түштүгүндөгү 7,8 баллдык жер титирөөдөн каза болгондордун саны 32ден 37ге жетти Бул тууралуу жергиликтүү "GMA News" телеканалы кабарлады Өлкөнүн Жарандык коргонуу департаментинин маалыматы боюнча, жалпысынан 456 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алып, дагы төртөө дайынсыз болууда

Филиппиндин түштүгүндөгү 7,8 баллдык жер титирөөдөн каза болгондордун саны 32ден 37ге жетти Бул тууралуу жергиликтүү "GMA News" телеканалы кабарлады Өлкөнүн Жарандык коргонуу департаментинин маалыматы боюнча, жалпысынан 456 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алып, дагы төртөө дайынсыз болууда Жергиликтүү бийликтер Минданао аралында билим берүү мекемелери, медициналык мекемелер жана турак-жайларды кошкондо 1900дөй имарат жабыркаганын айтышууда. Алардын 1,5 миңге жакыны табигый кырсыктын кесепетинен толугу менен талкаланган. Жер титирөөдөн Хенерал Сантос эл аралык аэропорту да жабыркап, каттамдар токтотулган Филиппиндин жарандык авиация башкармалыгы аскерий, өкмөттүк жана гуманитардык учактарга аэропортту куткаруу жана кырсыктан жапа чеккендерге жардам берүү үчүн пайдаланууга уруксат берди. Генерал Сантоста өзгөчө кырдаал киргизилген Аларды колдонууда сайттагы материалдарга кайрылуу маанилүү. Веб-баракчаларда маалымат колдонулганда, гипершилтеме менен шилтеме милдеттүү болуп саналат


