Филиппин аралдарында күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөө болду
Филиппинде күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөө болду. Жер титирөө өлкөнүн түштүгүндөгү Минданао аралынын жээгинен 10 чакырым тереңдикте катталган. Бийиктиги 1 метрден ашкан цунами көтөрүлгөн. Акыркы маалыматтар боюнча, жер титирөөдөн 3 адам каза болуп, 5 адам жабыркаган. Инфраструктура бузулуп, элект

Филиппинде күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөө болду. Жер титирөө өлкөнүн түштүгүндөгү Минданао аралынын жээгинен 10 чакырым тереңдикте катталган. Бийиктиги 1 метрден ашкан цунами көтөрүлгөн. Акыркы маалыматтар боюнча, жер титирөөдөн 3 адам каза болуп, 5 адам жабыркаган. Инфраструктура бузулуп, электр энергиясы үзгүлтүккө учурады. Филиппиндин коңшусу Индонезияда цунами коркунучу тууралуу эскертүү берилди. Мындан улам жээктин тургундары коопсуз жайга көчүрүлдү


