Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Казакстандын бардык аймактарында «Адилет» партиясынын филиалдары түзүлөт

Съезддин делегаттары Казакстандын бардык областтарын, ошондой эле республикалык маанидеги шаарларды камтый турган толук кандуу региондук тармакты тузууну бир добуштан колдошту. Бул кадам партиянын уюштуруучулук енугушундегу жацы этапты ачат жана анын жер-жерлерде туруктуу болушун камсыз кылат Парт

0 көрүүinform.kz
Казакстандын бардык аймактарында «Адилет» партиясынын филиалдары түзүлөт
Paylaş:

Съезддин делегаттары Казакстандын бардык областтарын, ошондой эле республикалык маанидеги шаарларды камтый турган толук кандуу региондук тармакты тузууну бир добуштан колдошту. Бул кадам партиянын уюштуруучулук енугушундегу жацы этапты ачат жана анын жер-жерлерде туруктуу болушун камсыз кылат Партиянын филиалы жөнүндө Жобонун долбоорун тааныштырып жатып, партиянын Саясий кеңешинин Бюро мүчөсү, съезддин катчысы Гүлзира Атабаева документтин кабыл алынышы партиянын уюштуруучулук негиздерин калыптандырууну аяктап, аймактык түзүмдөрдүн ишинин бирдиктүү принциптерин аныктай турганын белгиледи. Анын айтымында, филиалдар аймактык негизде түзүлүп, бирдиктүү партиялык системанын бир бөлүгү катары иштейт «Филиал жөнүндө жобо партиябыздын аймактарда кандай иш алып барарын, анын аймактык түзүмдөрү кантип курулаарын, жергиликтүү чечимдер кандай кабыл алынарын, тартип, көзөмөл жана жоопкерчилик кандай болорун аныктаган негизги документтердин бири», - деп белгиледи Гүлзира Атабаева Партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Бурихан Нурмухамедов белгилегендей, мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин партия практикалык уюштуруу курулушуна өтөт — Партиянын тагдыры региондордо чечилет — биздин ишибиздин негизги фронту мына ушунда. Бул жерде жарандардын ишеними калыптанат. Мына ошол жерде эл партияга күн сайын конкреттүү иштерге, демилгелерге жана жыйынтыктарга карап баа берет», - деп баса белгиледи Бурихан Нурмухамедов “Дала кырандары” жаштар патриоттук кыймылынын өкүлү Мади Рымжанов партиянын өнүгүүсүндө күчтүү аймактык уюмдардын өзгөчө ролун белгиледи «Ар бир саясий уюмдун чыныгы күчү анын элге жакын болуу, алардын суроо-талаптарын угуу жана өлкөнүн ар бир аймагында алардын кызыкчылыктарын натыйжалуу көрсөтүү жөндөмдүүлүгү менен аныкталат», - дейт Мади Рымжанов Партиянын Саясий кеңешинин мүчөсү Дмитрий Павленконун айтымында, филиалдарды түзүү партиялык иштин натыйжалуу жана партияны мындан ары өнүктүрүүнүн зарыл шарты болуп саналат «Аймактык партиялык тармак туруктуу өнүгүүнүн жана ар кандай саясий күчтөрдүн натыйжалуу ишинин негизи болуу менен борбор менен жергиликтүү жарандардын түз байланышын камсыздайт», - деп белгиледи Дмитрий Павленко Жобонун өзүнчө бөлүмү ачыктык, отчеттуулук жана ички контролдук маселелерине арналган. Документке ылайык, аймактык бөлүмдөр кабыл алынган чечимдердин ачык-айкындуулугу жана партия мүчөлөрү жана коом алдындагы жоопкерчилик принциптеринде иш алып барат Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен делегаттар “Адилет” партиясынын филиалдарын түзүү жана каттоо жөнүндө чечимди бир добуштан колдошту, ошондой эле партиянын филиалы жөнүндө жобону бекитишти Буга чейин “Адилет” партиясынын курултайынын делегаттары “АМАНАТ” партиясы менен биригүүгө добуш беришкен

Kaynak: inform.kz

Diğer Haberler