Фидан менен анын испаниялык кесиптешинин ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болду
Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан менен испаниялык кесиптеши Хосе Мануэль Альбарес телефон аркылуу сүйлөштү Бул тууралуу Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Өнжү Кечели «X» социалдык түйүнүндө билдирди Кечелинин айтымында, телефон сүйлөшүүсүндө Израилдин эл аралык суул

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан менен испаниялык кесиптеши Хосе Мануэль Альбарес телефон аркылуу сүйлөштү Бул тууралуу Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Өнжү Кечели «X» социалдык түйүнүндө билдирди Кечелинин айтымында, телефон сүйлөшүүсүндө Израилдин эл аралык суулардагы «Глобалдык Сумуд флотуна» кийлигишүүсү талкууланды. Министрлер Израилдин мындай жүрүм-туруму карапайым калктын өмүрүнө коркунуч туудурарын айтышты Маалыматта «Эл аралык коомчулуктун бул мыйзамсыз кийлигишүүгө каршы биргелешкен позицияны көрсөтүүнүн маанилүүлүгү» баса белгиленди Белгилей кетсек, маалымат каражаттары 29-апрелде Израил Газага гуманитардык жардам алып бара жаткан 58 кемеден турган “Глобалдык Сумуд флотуна” кийлигишкенин жазып чыгышкан Аларды колдонууда сайттагы материалдарга кайрылуу маанилүү. Веб-баракчаларда маалымат колдонулганда, гипершилтеме менен шилтеме милдеттүү болуп саналат


