ФБР Трамптын өлтүрүлүшүнө бөгөт койду: анын туулган күнүндө масштабдуу теракт пландаштырылган
АКШнын Федералдык иликтөө бюросу Ак үйдүн түштүк газонунда өткөн UFC Freedom 250 турнириндеги ыктымал чабуулдун алдын алганын билдирди. Бул тууралуу Reuters агенттиги ФБРдин директору Каш Пателдин билдирүүсүнө таянуу менен билдирди Пателдин айтымында, 10-июнда ФБР жана өнөктөш укук коргоо органдар

АКШнын Федералдык иликтөө бюросу Ак үйдүн түштүк газонунда өткөн UFC Freedom 250 турнириндеги ыктымал чабуулдун алдын алганын билдирди. Бул тууралуу Reuters агенттиги ФБРдин директору Каш Пателдин билдирүүсүнө таянуу менен билдирди Пателдин айтымында, 10-июнда ФБР жана өнөктөш укук коргоо органдары Вашингтондогу окуяга потенциалдуу коркунуч тууралуу маалымат алышкан. Мамлекеттер аралык операциянын натыйжасында бир нече адам кармалган Fox News Digital жана ABC News булактарына таянып кабарлашкандай, чабуулдун планы жарылуучу зат жүктөлгөн дрондорду колдонууну камтыган. ММКлар ошондой эле беш адам камакта экенин жана жалпысынан шектүүлөрдүн болжолдуу тармагына 20дан ашык адам кириши мүмкүн экенин кабарлашууда Reuters белгилегендей, Пател өзү камалгандардын так санын тактаган жок. Анын айтымында, учурда тергөө иштери уланууда UFC Freedom 250 турнири Вашингтондогу Ак үйдүн түштүк газонунда өттү жана АКШ президенти Дональд Трамптын 80 жылдыгына, ошондой эле АКШнын Эгемендүүлүк декларациясынын 250 жылдыгына карата уюштурулду


