Кальян барларга лицензияны киргизүүнү дагы бир комитет жактырды
Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети 9-июнда биринчи окууда атайын бөлүнгөн жайларда кальян чегүүгө лицензияны киргизүүнү талкуусуз колдоду Эске сала кетсек, Экономика жана соода министрлиги төмөнкүлөрдү сунуштайт: «Кыргыз Республикасынын жаранда

Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети 9-июнда биринчи окууда атайын бөлүнгөн жайларда кальян чегүүгө лицензияны киргизүүнү талкуусуз колдоду Эске сала кетсек, Экономика жана соода министрлиги төмөнкүлөрдү сунуштайт: «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини керектөөнүн кесепеттеринен, никотинден жана экологиялык тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кальянды жалаң адистештирилген лицензиясы бар мекемелерде чегүү мүмкүнчүлүгүн караган өзгөртүүлөрдү киргизүү; кальян кызматын көрсөтүүнү лицензиялануучу иштин тизмесине киргизүү; жайларга талаптарды белгилөө (өзүнчө бөлмөлөр, желдетүү системалары, санитардык нормалар); кальян ишканаларынын милдеттүү реестрин киргизүү


