Арменияда оппозиция парламентке бойкот жарыялады
16-июнда Армения парламентинин ыйгарым укуктары аяктаган акыркы төрт күндүк сессиясы башталды. Күн тартибинде 56 маселе бар экенин Modern.az армян массалык маалымат каражаттарына таянуу менен билдирди. Алардын 12си экинчи жана акыркы окууда, калгандары биринчи окууда талкууланат Бул мыйзам долбоорл

16-июнда Армения парламентинин ыйгарым укуктары аяктаган акыркы төрт күндүк сессиясы башталды. Күн тартибинде 56 маселе бар экенин Modern.az армян массалык маалымат каражаттарына таянуу менен билдирди. Алардын 12си экинчи жана акыркы окууда, калгандары биринчи окууда талкууланат Бул мыйзам долбоорлорунун басымдуу бөлүгү мамлекеттик башкаруу, салык системасы, айлана-чөйрөнү коргоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана экономикалык ишти жөнгө салуу чөйрөсүнө тиешелүү Армян басылмалары оппозициялык депутаттар парламент жыйынына бойкот жарыялашканын жазып чыгышты. "16-июнда башталган жыйынга оппозиция катышпай жатат. Андыктан жыйын бийликчил "Жарандык келишим" партиясынын депутаттарынын катышуусунда гана өтүп жатат", - деп жазат басма сөз. Парламентке премьер-министр Никол Пашинян да катышууда


