Армениянын жарандыгын алган “карабак армяндарынын” саны көбөйдү
Карабактан көчүп келген армяндардын Армения Республикасынын жарандыгын алуу үчүн кайрылуулары көбөйдү. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Армен Мкртчян парламенттин бир катар комитеттеринин биргелешкен жыйынында билдиргенин Modern.az армян ЖМКларына шилтеме берүү менен билдирди. Анын ай

Карабактан көчүп келген армяндардын Армения Республикасынын жарандыгын алуу үчүн кайрылуулары көбөйдү. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Армен Мкртчян парламенттин бир катар комитеттеринин биргелешкен жыйынында билдиргенин Modern.az армян ЖМКларына шилтеме берүү менен билдирди. Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тарта Карабактан көчүп келген армяндар Армения Республикасынын жарандыгын алуу боюнча активдүү иш жүргүзүп жатышат. Июнь айынын башындагы маалымат боюнча, алардын саны 11 миң 146, ал эми жашы жете электердин саны 28 миң, анын ичинен 12 миңге жакын адам Армения Республикасынын жарандыгын кабыл алышкан», - деди Армен Мкртчян


