Армения менен АКШ TRIPP келишимине кол коюшту
Армения менен АКШ TRIPP долбоору боюнча алкактык келишимге кол коюшту Бул тууралуу Армениянын Тышкы иштер министрлиги кабарлады, деп билдирет “Арменпресс” Тышкы иштер министрлиги документ адегенде 26-майда АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун Арменияга сапарынын алкагында парафировкаланганын

Армения менен АКШ TRIPP долбоору боюнча алкактык келишимге кол коюшту Бул тууралуу Армениянын Тышкы иштер министрлиги кабарлады, деп билдирет “Арменпресс” Тышкы иштер министрлиги документ адегенде 26-майда АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун Арменияга сапарынын алкагында парафировкаланганын эскертти Армениянын Тышкы иштер министрлиги тараткан видеодо документке тышкы иштер министри Арарат Мирзоян кол койгонун көрүүгө болот Мирзояндын айтымында, адегенде ал жана АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио бир нече күн мурда парафировкалаган документке АКШ кол коюп, Арменияга жөнөткөн: «Макулдашууга мамлекеттик катчы Рубио кол койду, документ Арменияга жөнөтүлдү, эми армян тараптын атынан мен кол койдум» Мирзоян документке аралыктан кол коюу процесси аяктаганын белгиледи: «Ошентип, аралыктан кол коюу процесси аяктады жана келишим ратификацияга даяр


