Армения парламентинде кайсы партия канча мандат алды - РАСМИЙ
Арменияда 7-июнда өткөн парламенттик шайлоодо премьер-министр Никол Пашинян жетектеген “Жарандык келишим” партиясы жеңип чыкканы расмий жарыяланды Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялаганын Modern.az жазды Шайлоого 1 миллион 476 миң 769 адам катышты, бул өлк

Арменияда 7-июнда өткөн парламенттик шайлоодо премьер-министр Никол Пашинян жетектеген “Жарандык келишим” партиясы жеңип чыкканы расмий жарыяланды Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялаганын Modern.az жазды Шайлоого 1 миллион 476 миң 769 адам катышты, бул өлкөдөгү шайлоочулардын жалпы санынын 58,9 пайызына барабар Пашинян жетектеген “Жарандык келишим” партиясы 49,74 пайыз добуш алып, парламенттеги көпчүлүктү жана өкмөттү түзүү укугуна ээ болду Парламентке өтүүгө жетишкен калган эки саясий күч бизнесмен Самвел Карапетян жетектеген “Күчтүү Армения” блогу (23,27 пайыз добуш) жана мурдагы президент Роберт Кочарян жетектеген “Хаястан” блогу (9,9 пайыз добуш) болду Парламентте мандаттар төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт: “Жарандык келишим” партиясы – 61 мандат; “Күчтүү Армения” блогу – 28 мандат; «Хаястан» блок – 12 мандаат Ал арада Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдында 7-июнда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына жана өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу алты саясий уюм биргелешкен билдирүү жасашты "Күчтүү Армения" жана "Армения" блоктору, ошондой эле "Гүлдөгөн Армения", "Жаркын Армения", "Армян улуттук конгресси" жана "Улуттук демократиялык уюл" партиялары өз билдирүүсүндө парламенттик шайлоо анын эркин, адилет жана атаандаштык мүнөзүнө түп тамырынан шек келтирген шарттарда өткөнүн белгилешти


