Армениянын БШКсы бюллетендерди санап бүттү, Пашиняндын партиясы жеңди - ЖАҢЫЛЫК-2
Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоодо добуштарды саноону аяктады “News.am” 2005-жылдагы бардык шайлоо участкаларынын жыйынтыгы чыгарылганын маалымдайт “Жарандык келишим” партиясы 49,81% (727 160 добуш), “Күчтүү Армения” блогу 23,29% (340 062 добуш), “Армения” блогу 9,94% (14

Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоодо добуштарды саноону аяктады “News.am” 2005-жылдагы бардык шайлоо участкаларынын жыйынтыгы чыгарылганын маалымдайт “Жарандык келишим” партиясы 49,81% (727 160 добуш), “Күчтүү Армения” блогу 23,29% (340 062 добуш), “Армения” блогу 9,94% (145 097 добуш), “Гүлдөгөн Армения” партиясы 48,300% (48,8 добуш) алды Бешинчи орунда турган “Бирлик Ганадлары” партиясы 2,30% (33 618 добуш) алды Арменияда жергиликтүү убакыт боюнча саат 06:30га карата парламенттик шайлоонун жыйынтыгы 2006 шайлоо участкасынын 1296сында гана жарыяланды Бул тууралуу Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясы маалымат таратты. Ошентип, бюллетендердин 55,95 пайызы иштелип чыкты Алдын ала жыйынтык боюнча бийликтеги “Жарандык келишим” партиясы 414 миң 608 добуш же 50,86 пайыз менен алдыда келе жатат “Күчтүү Армения” партиялар блогу 189,50 добуш же 23,19 пайыз менен экинчи орунга чыкты Үчүнчү орунда 78 миң 275 добуш же 9,6 пайыз менен “Армения” блогу турат Төртүнчү орунду 33 миң 417 добуш же 4,1 пайыз менен "Гүлдөгөн Армения" партиясы алды Бешинчи орунду 18 миң 720 добуш же 2,3 пайыз менен "Бирлик Ганаддары" партиясы алды *** Арменияда өткөн парламенттик шайлоодо бюллетендердин 50,31 пайызы саналды Бул тууралуу Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясы маалымат таратты Белгиленгендей, бюллетендердин 50,31% (742 857 добуш) иштелип чыккандан кийин Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын “Жарандык келишим” партиясы 51,03% добушка ээ болду Ишкер Самвел Карапетяндын “Күчтүү Армения” блогу 23,18%, экс-президент Роберт Кочаряндын “Армения” блогу 9,51%, ишкер Гагик Царукяндын “Гүлдөгөн Армения” партиясы 4,18% добуш топтогон. Добуш берүүгө шайлоочулардын 58,97% катышты *** 00:04 Армениядагы парламенттик шайлоодо премьер-министр Никол Пашинян жетектеген партия алдыда келе жатат. Бул тууралуу Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясы маалымат таратты БШКдан 110 шайлоо участогунан алынган биринчи маалымат боюнча Пашиняндын партиясы 57,14 пайыз добуш алган Добуштарды саноо процесси уланууда


