17-июнда Армения өз аймагында АКШ менен биргелешкен аскердик машыгууларды баштайт
Арменияда 17-25-июнь күндөрү АКШ менен биргеликте өткөрүлүүчү салттуу “Бүркүт өнөктөш-2026” аскердик машыгуулары өтөт Бул тууралуу Армениянын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди Быйылкы машыгууларга Франция жана Грециядан да аскер кызматкерлери катышары белгиленди Маалыматка ылайык

Арменияда 17-25-июнь күндөрү АКШ менен биргеликте өткөрүлүүчү салттуу “Бүркүт өнөктөш-2026” аскердик машыгуулары өтөт Бул тууралуу Армениянын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди Быйылкы машыгууларга Франция жана Грециядан да аскер кызматкерлери катышары белгиленди Маалыматка ылайык, окуулар эл аралык тынчтыкты сактоо миссияларына катышууга даярдыктын алкагында өткөрүлөт. Машыгууларга Армениянын куралдуу күчтөрүнүн тынчтык орнотуучу бригадасынын 250 аскер кызматкери, АКШ армиясынын Европа жана Африка командачылыгынын 58 аскер кызматкери, Канзас улуттук гвардиясынын, француз армиясынын 24 аскер кызматкери, Грециянын 11 аскер кызматкери катышат


