Армения жазаланат - Лавров
Армения көптөн бери Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчөлүк акысын төлөбөй келген, буга байланыштуу уюмдун уставында каралган чараларды колдонуу маселеси талкууланууда Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров журналисттерге берген маалыматында билдирди "Мындай кырдаалд

Армения көптөн бери Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчөлүк акысын төлөбөй келген, буга байланыштуу уюмдун уставында каралган чараларды колдонуу маселеси талкууланууда Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров журналисттерге берген маалыматында билдирди "Мындай кырдаалда эмне кылуу керек? Биз бүгүн бул маселени талкууладык. Армениянын ЖККУнун бюджетине эки жылдан ашык карызы бар. Мындай жагдай Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун статутунда каралган. Бүгүн биз тиешелүү беренени колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну макулдаштык", — деди Лавров Белгилей кетсек, ЖККУнун Статутунун 20-беренесине ылайык, эгерде мүчө мамлекет эки жыл ичинде уюмдун бюджетине карызын төлөбөсө, Жамааттык коопсуздук кеңеши ал өлкөнүн жарандарынын уюмдагы квотанын негизинде ээлеген кызмат орундарына талапкерлерди көрсөтүү укугун токтото туруу, ошондой эле карызы толук төлөнмөйүнчө добуш берүү укугунан ажыратуу жөнүндө чечим чыгара алат Кошумчалай кетсек, беренеде эгер мүчө мамлекет уставдын жоболорун, ошондой эле уюмдун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жана башка органдарынын чечимдерин аткарбаса, анын уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуусу токтотулушу же мүчөлүгү токтотулушу мүмкүн экендиги айтылат Мындай чечимдер ошол мамлекеттин добушун эске албастан кабыл алынат


