Армениядагы шайлоодо добуштарды саноо уланууда, Пашинян "шайлоодо жеңдик" деп жарыялады
Армениядагы шайлоодо добуштарды саноо уланып жатканда, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян “парламенттик шайлоодо жеңгенин” жарыялады Армениядагы парламенттик шайлоодо урналардын 48,22 пайызы ачылып, 50,89 пайыз добуш менен премьер-министр Никол Пашинян жетектеген «Жарандык келишим» партиясы

Армениядагы шайлоодо добуштарды саноо уланып жатканда, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян “парламенттик шайлоодо жеңгенин” жарыялады Армениядагы парламенттик шайлоодо урналардын 48,22 пайызы ачылып, 50,89 пайыз добуш менен премьер-министр Никол Пашинян жетектеген «Жарандык келишим» партиясы алдыда келе жатат Урналарда добуштарды саноо уланып жатканда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян басма сөзгө билдирүү жасап, парламенттик шайлоодо жеңишке жетишкендерин жана өкмөттү кура тургандыктарын билдирди Армения басма сөзүндө орун алган кабарга караганда, Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөдө өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо 1161 урнадан шайлоо жыйынтыгын жарыялады 48,22 пайызы ачылган урналарды саноонун жыйынтыгына караганда премьер-министр Пашиняндын жарандык келишим партиясы 50,89 пайыз добуш менен шайлоодо биринчи болду Жарандык келишим партиясынан кийин 23,23 пайыз менен бизнесмен Самвел Карапетяндын “Күчтүү Армения” партиясы жана 9,59 пайыз менен мурдагы президент Роберт Кочаряндын “Армения альянсы” турат Парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы бүгүн жарыяланышы күтүлүп жатса, добуштарды саноо уланууда Ошол эле учурда өлкөдө кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00дө добуш берүү аяктап, катышуу көрсөткүчү 58,97 пайыз деп белгиленди. Ага ылайык, 1 миллион 476 миң 597 адам добуш берди Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, өлкөдө 2 миллион 485 миң 232 шайлоочу катталган Өлкө боюнча 2 миң 5 урна орнотулган шайлоодо 18 башка талапкер тизмеси эң аз 101 орун менен парламентке кирүү үчүн ат салышууда


