Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Ереванда Армения менен Еврошаркеттин биринчи саммити өттү

Ереванда Армения менен Еврошаркеттин биринчи саммити өттү. Тараптар бир нече макулдашууга кол коюшту. Жолугушууга армян премьер-министри Никол Пашинян, Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана Еврокеңештин жетекчиси Антониу Кошта катышты Тараптар энергетика, транспорт, санарип жана коопсу

0 көрүүazattyk.org
Ереванда Армения менен Еврошаркеттин биринчи саммити өттү
Paylaş:

Ереванда Армения менен Еврошаркеттин биринчи саммити өттү. Тараптар бир нече макулдашууга кол коюшту. Жолугушууга армян премьер-министри Никол Пашинян, Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана Еврокеңештин жетекчиси Антониу Кошта катышты Тараптар энергетика, транспорт, санарип жана коопсуздук тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүү ниетин билдиришти Саммит Армениянын Орусиядан жана Москва үстөмдүк кылган уюмдардан – КМШ, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ) оолактаган учурда уюштурулду. Ереван ЖККУну кошуна Азербайжан менен жаңжал учурунда жетиштүү колдоо көргөзгөн эмес деп айыптаган Былтыр мартта өлкөнүн парламенти Еврошаркетке кошулуу жараянын баштоо мыйзамын кабыл алган. Пашинян ошондо мыйзамды жактыруу жараян дароо башталат дегенди билдирбей турганын, маселе референдумга алынып чыгарын айткан Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Арменияга ЕАЭС менен Евробиримдик ортосунда тандоого туура келерин, себеби «эки система айкалышпаганын» билдирген 1-апрелде Пашинян менен кездешүүдө орус президенти Владимир Путин ошол ойду кайталаган 4-майда Ереванда Европалык саясий жамааттын 8-саммити өткөрүлгөн. Ага Евробиримдиктин лидерлеринен башка Украинанын президенти Владимир Зеленский, Канаданын премьер-министри Марк Карни катышты

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler