Эрдоган: «Алар авантюра издебесин» деп эскертти
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Грецияга жана Түштүк Кипрдин администрациясына эскертүү жасады Эрдоган партиясынын парламенттик тобунун жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Греция менен Түштүк Кипрдин Израил менен биргеликте Чыгыш Жер Ортолук деңизинде түрк жана мусулмандардын болушуна каршы альянс

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Грецияга жана Түштүк Кипрдин администрациясына эскертүү жасады Эрдоган партиясынын парламенттик тобунун жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Греция менен Түштүк Кипрдин Израил менен биргеликте Чыгыш Жер Ортолук деңизинде түрк жана мусулмандардын болушуна каршы альянс түзүшкөнүнө, алардын саясатчыларынын чагымчыл аракеттерге жана риторикаларга барышканына көңүл бурду Түркиянын президенти Греция менен Түштүк Кипрди аймактагы “авантюра” издөөгө каршы эскертти "Биз Жер Ортолук деңизинде жана Кипрде чыңалуунун очокторун козгоо аракетин көрүп жатабыз жана кылдаттык менен байкап жатабыз. Эч ким авантюра издебесин. Эгерде Түркиянын жана Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги кипрдик түрктөрдүн укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына коркунуч жаралса, анда биздин жообубуз абдан катаал жана чечкиндүү болот", - деп баса белгиледи түрк лидери Эрдоган ошондой эле Түркиянын коопсуздугу Алеппо, Дамаск жана Бейруттан башталарын айтты


