Энергетика министрлигине 40тан ашуун атайын техниканын ачкычы тапшырылды
Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Энергетика министрлигине 40тан ашуун атайын техниканын ачкычын тапшырды Анда сөз сүйлөгөн минкаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков өлк

Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Энергетика министрлигине 40тан ашуун атайын техниканын ачкычын тапшырды Анда сөз сүйлөгөн минкаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков өлкө президенти Садыр Жапаровдун энергетика тармагына болгон өзгөчө көз карашы энергетикалык көз карандысыздыкты камсыздоого, ири долбоорлорду ишке ашырууга багытталганын белгилеп, президенттин саясатын ишке ашыруу жана элди үзгүлтүксүз жарык жана жылуулук менен камсыз кылуу үчүн министрлер кабинети бир катар багыттар боюнча тынымсыз иштерди алып барып жатканын билдирди Белгилей кетсек, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын өздүк каражаттарынын эсебинен жалпы суммасы 181,6 млн сомду түзгөн - 41 даана атайын техниканы сатып алынды. Бул техникалар республика боюнча электр тармактарынын филиалдарына өткөрүлүп берилет. Жаңы техникалардын катарында жүктөгүч-экскаваторлор, автовышкалар, седельный тягачтар, жарым чиркегичтер жана бригадалык унаалар бар Салтанаттуу аземге катышкандар, бүгүнкү тапшырылып жаткан жаңы техникалар тармактын ишинин натыйжалуулугун жогорулатып, күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштерин ыкчамдатууга жана энергетикалык инфраструктуранын туруктуу иштешин камсыздоого көмөк көрсөтөөрү белгилешти


