Энергетика министрлиги электр энергиясынын жапырт өчкөн себебин түшүндүрдү
Энергетика министрлиги 6-июнда кечке маал Бишкек шаарынын көпчүлүк райондорунда электр энергиясы бир учурда жапырт өчкөн себебин чубалгылардагы авария менен түшүндүрдү. Бул тууралуу маалымат мекеменин Фейсбуктагы баракчасына чыкты “110 киловольт “Парковая” – “Ала-Арча” линиясындагы 23-тирөөч менен

Энергетика министрлиги 6-июнда кечке маал Бишкек шаарынын көпчүлүк райондорунда электр энергиясы бир учурда жапырт өчкөн себебин чубалгылардагы авария менен түшүндүрдү. Бул тууралуу маалымат мекеменин Фейсбуктагы баракчасына чыкты “110 киловольт “Парковая” – “Ала-Арча” линиясындагы 23-тирөөч менен 24-тирөөчтүн ортосундагы электр чубалгысын HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа үзүп кетип, шаардын бир бөлүгү электр жарыгысыз калды. Учурда энергетиктер калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатышат. Учурда өлкө аймагында курулуш иштери активдүү жүрүп жатат. Бардык курулуш компаниялардан суранабыз, электр тармактарынын жанында корук зоналарын сактаңыздар!”, – деп айтылат Энергетика министрлигинин маалыматында Мунун алдында Бишкек шаарынын ар кайсы аймактарында электр энергиясы жапырт өчүп калган. Бул тууралуу "Азаттыкка" шаар тургундары кабарлап, социалдык тармактардын колдонуучулары да жарыксыз калганын удаа жазышкан Айрым райондордо электр энергиясы кайра берилгени кабарланса, кээлеринде дале өчүк бойдон калууда "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому кайсы райондордо жарык өчкөнүн жана жапырт өчүүнүн себептерин изилдеп жатканын маалымдаган эле Кыргызстанда 1,5 миллиондон ашык абонент электр энергиясын колдонот. Анын 1,4 миллиону катардагы калк болсо, калганы өндүрүштүк, бюджеттик жана башка категориядагы керектөөчүлөр. (ErN)


