Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

“Эмакомдун” негиздөөчүсү, экс-депутат Эмилбек Жусупов эки айга камалды

“Эмаком” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эмилбек Жусупов 13-августка чейин камакка алынды. Мындай чечимди Ош шаардык соту 5-июнда чыгарганын шаардык сот “Азаттыкка” ырастады Маалыматка ылайык, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши ко

0 көрүүazattyk.org
“Эмакомдун” негиздөөчүсү, экс-депутат Эмилбек Жусупов эки айга камалды
Paylaş:

“Эмаком” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эмилбек Жусупов 13-августка чейин камакка алынды. Мындай чечимди Ош шаардык соту 5-июнда чыгарганын шаардык сот “Азаттыкка” ырастады Маалыматка ылайык, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүүнүн жакындары жана адвокаты комментарий бере элек Эмилбек Жусупов 2024-жылы да Бишкекте алдамчылыкка айыпталып кармалган. Ал иши эмне болуп бүткөнү белгисиз Эмилбек Жусупов буга чейин өзү Жогорку Кеңештин депутаты болуп кеткенден кийин компанияны бир тууган агасына өткөрүп бергенин, ошол маалда ага уюшма кылмыш топтору басым-кысым кылып, коркутуп акча талап кылып жүргөнүн, ушундан улам компаниянын иши жакшы жүрүшпөй калганын айтып чыккан. Ички иштер министрлиги (ИИМ) анын билдирүүсү териштирилип жатканын кабарлаган Эмилбек Жусуповду 2021-жылы парламентке “Ишеним” партиясы менен шайланып келип, 2024-жылдын апрель айында өз арызы менен мандатын тапшырган 2023-жылы ноябрь айында Эмилбек Жусуповдун агасы Мелис Жусупов кармалган. Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы ага Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен айып тагылганын билдирген. (BTo/NKu)

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler