"Челсинин" легендасы каза болду
Англиялык футболдун белгилүү инсандарынын бири, "Челсинин" легендарлуу чабуулчусу Бобби Тэмблинг 84 жашында каза болду Бул тууралуу бир кезде ал машыктырган «Крошавен» клубу социалдык тармактагы баракчаларына жазып чыкканын 525.az басылмасы жазып чыкты Мурдагы футболчу узакка созулган оорудан ки

Англиялык футболдун белгилүү инсандарынын бири, "Челсинин" легендарлуу чабуулчусу Бобби Тэмблинг 84 жашында каза болду Бул тууралуу бир кезде ал машыктырган «Крошавен» клубу социалдык тармактагы баракчаларына жазып чыкканын 525.az басылмасы жазып чыкты Мурдагы футболчу узакка созулган оорудан кийин каза болгону маалымдалган Бобби Тэмблинг "Челсинин" тарыхындагы эң жемиштүү оюнчулардын бири деп эсептелет. Ал 1959-1970-жылдары лондондук клубдун формасын кийип, 370 оюнда 202 гол киргизген. Клубдун көп жылдар бою мыкты бомбардири болгон Темблингдин рекордун 2013-жылы Фрэнк Лэмпард жаңылаган. Ага карабастан, ал дагы эле Англия Премьер-Лигасынын тарыхында Челсинин эң мыкты бомбардири (164) Белгилей кетсек, Темблинг клубдун тарыхында бир оюнда киргизилген голдордун саны боюнча рекордсмендердин бири. 1966-жылы эсте каларлык оюн көрсөтүп, Астон Виллага каршы 5 гол киргизген


