Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Эл өкүлдөрү илимий, окутуучулук, чыгармачылык эмгеги үчүн сый акы ала алат

Бишкек, 12.06.26 /Кабар. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду Мыйзам 2026-жылдын 20-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган Мыйзам Жогорку Кеңештин депутатынын окутуучулук, илими

0 көрүүkabar.kg
Эл өкүлдөрү илимий, окутуучулук, чыгармачылык эмгеги үчүн сый акы ала алат
Paylaş:

Бишкек, 12.06.26 /Кабар. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду Мыйзам 2026-жылдын 20-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган Мыйзам Жогорку Кеңештин депутатынын окутуучулук, илимий жана чыгармачылык ишмердиги үчүн сый акы алуу укугу боюнча колдонуудагы мыйзамдардагы боштуктарды жана эки ача чечмелөөнү жоюу максатында кабыл алынган Мыйзам менен "КР Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" мыйзамдын 30-беренесинин 3-бөлүгүн жаңы редакцияда баяндоо каралган, ага ылайык: – Жогорку Кеңештин, фракциялардын же депутаттык топтордун, комитеттердин жана комиссиялардын жыйналыштарынан бош убакытта жүзөгө ашырылуучу педагогикалык, илимий жана чыгармачылык ишти кошпогондо, Жогорку Кеңештин депутаты кайсы бир акы төлөнүүчү иш менен алектенүүгө укуксуз; – Жогорку Кеңештин депутатынын педагогикалык жана илимий иши болуп билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу иш эсептелет; – Жогорку Кеңештин депутатынын чыгармачылык иши болуп автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу илим, адабият жана искусство чөйрөсүндөгү өзүнүн чыгармачылык эмгегинин жыйынтыктарын жаратуу, пайдалануу жана ишке ашыруу боюнча иши эсептелет; – иштин аталган түрлөрүн жүзөгө ашыргандыгы үчүн Жогорку Кеңешинин депутаты сый акы алууга укуктуу Аталган мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

Kaynak: kabar.kg

Diğer Haberler