Түштүк Кореянын экс-президентине 30 жыл берилди. Ал эмне үчүн айыпталган?
Сеулдун борбордук райондук соту 12-июнда, жума күнү Түштүк Кореянын мурдагы президенти Юн Сок Ёлды Түндүк Кореяга учкучсуз учак жөнөткөн деген айып менен 30 жылга эркинен ажыратты. Түштүк Кореянын Йонхап маалымат агенттигинин маалыматына караганда, 65 жаштагы мурдагы мамлекет башчы душманга жардам б

Сеулдун борбордук райондук соту 12-июнда, жума күнү Түштүк Кореянын мурдагы президенти Юн Сок Ёлды Түндүк Кореяга учкучсуз учак жөнөткөн деген айып менен 30 жылга эркинен ажыратты. Түштүк Кореянын Йонхап маалымат агенттигинин маалыматына караганда, 65 жаштагы мурдагы мамлекет башчы душманга жардам берген жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп табылган Айыптоо корутундусуна ылайык, Юн Сок Ёл 2024-жылдын октябрында Пхеньяндын аба мейкиндигине аскердик учкучсуз учактарды жөнөтүүгө буйрук берген. Прокуратура муну өлкөдө аскердик абалды киргизүүгө шылтоо кылуу үчүн жасалган деп ырастоодо. Мурдагы мамлекет башчы өзүнө тагылган айыптарды четке кагууда Экс-президенттин 2024-жылдын декабрында Түштүк Кореяга аскердик абал киргизүү аракети парламенттин каршылыгынан улам ишке ашпай калган. Бул окуя Юн Сок Ёлдун кызматтан алынышына алып келди жана Түштүк Кореянын коомун терең бөлүп жарды Өлкөдө аскердик абалды киргизүү аракетине байланыштуу экс-президентке жалпысынан сегиз кылмыш иши козголгон. 2026-жылдын февралында Сеулдун борбордук райондук соту Юн Сок Ёлду кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана козголоң чыгарган деген айып менен өмүр бою эркинен ажыраткан. Прокурорлор аны өлүм жазасына тартууну суранышкан. Юн Сок Ёл өкүмгө каршы даттанат


