"Реалдын" экс-футболчусу Алматынын "Кайратында" ойнойт
30 жаштагы испаниялык борбор чабуулчу менен келишим 2027-жылдын аягына чейин түзүлгөн Марк Гуал Каталониянын Бадалона шаарында төрөлгөн. Ал Бадалона, Барселона жана Эспаньол академияларында окуган. Профессионалдык карьерасында "Севилья", "Атлетико Мадрид", "Сарагоса", "Жирона", "Реал Мадрид", "Каст

30 жаштагы испаниялык борбор чабуулчу менен келишим 2027-жылдын аягына чейин түзүлгөн Марк Гуал Каталониянын Бадалона шаарында төрөлгөн. Ал Бадалона, Барселона жана Эспаньол академияларында окуган. Профессионалдык карьерасында "Севилья", "Атлетико Мадрид", "Сарагоса", "Жирона", "Реал Мадрид", "Кастилья" жана "Алькоркон" клубдарынын намысын коргогон 2022-жылдын жазында Гуал Польшанын Ягеллониясына көчүп барган. 2022/23 сезонунун аягында ал Польша чемпионатынын мыкты бомбардири болуп, Экстракласанын мыкты чабуулчусу деп табылган 2023-жылы жайында ал Варшаванын Легиясына көчүп, клуб менен Польшанын Кубогун жана Суперкубогун жеңип алган. 2024/25 сезонунда бардык мелдештерде 19 гол киргизип, команданын эң мыкты бомбардири болду. Алардын ичинен 7си УЕФАнын конференция лигасында Чабуулчунун акыркы клубу Португалия чемпионатынын жогорку дивизионунда ойногон Рио Аве болгон Ал ошондой эле Испаниянын U21 курамасында үч беттеш өткөргөн Буга чейин 17 жаштагы Дастан Сатпаев "Кайрат" үчүн акыркы беттешин качан өткөрөрү белгилүү болгон


