Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Бакиров добуштарды сатып алуу боюнча айыпталып, акталды
Кыргызстандын Жогорку соту 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо добуштарды сатып алуу фактысы боюнча Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Бакировду актады. Бул тууралуу Бакиров “Азаттыкка” билдирди. Жогорку сот буга чейинки эки инстанциянын чечимин жокко чыгарды. 2023-жылдын декабрь айында Ноокат рай

Кыргызстандын Жогорку соту 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо добуштарды сатып алуу фактысы боюнча Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Бакировду актады. Бул тууралуу Бакиров “Азаттыкка” билдирди. Жогорку сот буга чейинки эки инстанциянын чечимин жокко чыгарды. 2023-жылдын декабрь айында Ноокат райондук соту экс-депутатты күнөөлүү деп таап, 200 миң сом (2 миң 288 долларга жакын) айып салган. 2024-жылдын март айында Ош облустук соту бул өкүмдү күчүндө калтырган Бакиров 2023-жылдын августунда депутаттык мандатынан ажыраган. Андан соң Борбордук шайлоо комиссиясы анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, депутаттык күбөлүгүн чакыртып алган. Буга чейин Жогорку Сот Бакиров депутат болуп шайланган Ош облусунун Ноокат районундагы №4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин тастыктаган Сот жараянына Бакировдун шайлоодогу мурдагы атаандашы Равшанбек Рысбаевдин дооматы себеп болгон. 2022-жылдын аягында ал депутатты добуштарды сатып алган деп айыптап, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган Бакиров өзү буга чейин кылмыш ишин козгоону кыргыз бийлиги Өзбекстанга өткөрүп бергиси келген Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча позициясы менен байланыштырган. 2022-жылдын ноябрында Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча келишимди талкуулоо учурунда ал УКМКнын ошол кездеги жетекчиси Камчыбек Ташиев менен эл алдында чатакташа кеткен Жаңжал Бакиров кыргыз тарапка суу керек экенин айтып, Ташиевден: “Сиз өзбек тараптан Кемпир-Абадга эмне үчүн сол жээк каналын курбай жатышат деп сурадыңызбы?” дегенден кийин башталган Буга жооп кылып Ташиев депутат Өмүрбек Бакировду трибунадан уят сөздөр менен сөктү Өмүрбек Бакиров Ош облусунун Ноокат районундагы No4 Көк-Жар шайлоо округунан депутат болуп шайланды Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышында Иса Өмүркуловдун ордуна КСДП фракциясынын лидери Бакиров болду. Жыйынтыгы жокко чыгарылган 2020-жылдагы шайлоодо ал бийликчил “Биримдик” партиясынын мүчөсү болгон “Азаттык” радиосу билдиргендей, Бакиров уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин каттоосунда турган. Ошондой эле ал 2015-жылы Минскиде өлтүрүлгөн кримавторитет Алмамбет Анапияевдин «кудайы» экени айтылган 2004-жылы Бакиров менен Анапияевге карата “Адам уурдоо”, “Каракчылык”, “Мыйзамсыз эркинен ажыратуу” жана “Опузалап пара талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Кийинчерээк сот аларды актаган Кошумчалай кетсек, Бакиров 2010-жылы Убактылуу өкмөттү күч менен кулатууга аракет кылган деп айыпталган. Бакиров өзү бул айыптоолорду четке кагууда


