Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Эдуард Кубатов: Экспертиза Формула-1дин Ысык-Көлгө суу боюнча коопсуз экенин тастыктады

Кыргызстанда өтө турган UIM F1H2O (Формула 1) моторлуу кайык боюнча дүйнөлүк чемпионаттын этабынын Ысык-Көлдүн суусуна тийгизген таасири көз карандысыз жана мамлекеттик экологиялык экспертизанын алкагында бааланды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Туризмди өнүктүрүү боюнча

0 көрүүknews.kg
Эдуард Кубатов: Экспертиза Формула-1дин Ысык-Көлгө суу боюнча коопсуз экенин тастыктады
Paylaş:

Кыргызстанда өтө турган UIM F1H2O (Формула 1) моторлуу кайык боюнча дүйнөлүк чемпионаттын этабынын Ысык-Көлдүн суусуна тийгизген таасири көз карандысыз жана мамлекеттик экологиялык экспертизанын алкагында бааланды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов билдирди Анын айтымында, мындай деңгээлдеги эл аралык спорттук иш-чаралар үчүн экологиялык экспертиза жүргүзүү милдеттүү талап эмес. Бирок, коомчулуктун суроолорун жана тынчсызданууларын эске алуу менен, кошумча экологиялык изилдөөлөр тапшырылды "UIM F1H2O сыяктуу жогорку деңгээлдеги сынактар үчүн экологиялык экспертиза талап кылынбайт. Бирок биз көз карандысыз уюмдардын жана мамлекеттик органдардын катышуусунда экологиялык экспертиза жүргүздүк. Муну экологияга байланыштуу кооптонуулардан улам жасадык", — деди Кубатов Ал белгилегендей, изилдөөлөрдүн жыйынтыгында чемпионат Ысык-Көлдүн экосистемасына олуттуу терс таасирин тийгизбей турганы аныкталган Формула-1 учурунда Ысык-Көлдө күйүүчү май агып кетсе, анын кесепеттерин тез арада жоюу үчүн так жоболор каралганын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору билдирди Эдуард Кубатовдун айтымында, бул жарыштар 1981-жылдан бери дүйнөнүн ири шаарларынын сууларында өткөрүлүп келет "Ушул убакыттын ичинде 200дөн ашык эл аралык иш-чара өттү. Авария же кагылышуулардын натыйжасында бензин же мотор майынын төгүлүшүнө байланыштуу олуттуу окуялар катталган жок", - деди Кубатов маалымат жыйынында Анын айтымында, эл аралык моторлуу кайыктар биримдиги иш-чарага 5 миллион доллар бөлүүдө "10 миң адамдын келиши күтүлүүдө, жарыштар дүйнөнүн 120-150 өлкөсүндө түз көрсөтүлөт. Байет айылында Формула-1ди өткөрүү үчүн эле инфраструктура түзүлбөстөн, аймактын туристтик потенциалын өнүктүрүү үчүн да түзүлүп жатат. Тактап айтканда, 2 чакырымдан ашык жол салынып, жарыктандыруу иштери жүргүзүлүп, 1,0 метр чарчы метр аянтчасы иштелип жатат. Жээк зонасында парк түзүлүп, шаардык пляж толугу менен реконструкцияланууда», - деди Кубатов журналисттерге

Kaynak: knews.kg

Diğer Haberler