Эдил Байсалов: Ормуз кысыгындагы кризис Кыргызстандын экономикасына эчак эле сокку урган
Кыргыз Республикасынын АКШдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, президенттин эл аралык демилгелер боюнча атайын өкүлү Эдил Байсалов Атлантика кеңешинин 10-энергетикалык форумунда сөз сүйлөдү. Бул энергетика, инвестиция жана экономика маселелери талкууланган ири эл аралык иш-чаралардын бири Байса

Кыргыз Республикасынын АКШдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, президенттин эл аралык демилгелер боюнча атайын өкүлү Эдил Байсалов Атлантика кеңешинин 10-энергетикалык форумунда сөз сүйлөдү. Бул энергетика, инвестиция жана экономика маселелери талкууланган ири эл аралык иш-чаралардын бири Байсалов өз сөзүндө Ормуз кысыгындагы кризистин кесепеттерине көңүл бурду. Анын айтымында, аймактагы кырдаал жаңжалга катышып жаткан өлкөлөргө гана эмес, дүйнөлүк экономикага, анын ичинде Кыргызстанга да таасирин тийгизүүдө "Кыргызстан Перс булуңундагы өлкөлөрдөн мунай импорттобойт, бирок азыркы кризис биздин экономикага түздөн-түз таасирин тийгизди. Энергияга дүйнөлүк баанын өсүшү азыртадан эле айыл чарбага, транспортко жана өнөр жайга олуттуу кысым көрсөтүүдө. Биздин эсептөөлөр боюнча, экономикалык жоготуулар экономикалык өсүштүн бир пайыздан бир жарым пайызына чейин түзүшү мүмкүн", - деди Байсалов Ал кошумчалагандай, кризистин кесепеттери айрыкча айыл чарбасында жазгы талаа иштери жүрүп жаткан маалда, дыйкандар дизель жана күйүүчү-майлоочу майларды кымбаттатылган баада сатып алууга аргасыз болуп жаткан кезде катуу сезилет Элчинин айтымында, азыркы кырдаал дүйнөлүк экономиканын канчалык өз ара байланышта экенин жана туруктуу соода жана транспорттук каттамдарды калыбына келтирүү канчалык маанилүү экенин көрсөтүп турат Байсалов ошондой эле форумдун катышуучуларына Кыргызстандын акыркы беш жылдагы өнүгүүсү, экономикалык өсүш, реформалар жана инвесторлор үчүн мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди Форумда өзүнчө түркиялык Ihlas Group компаниясынын ири инвестициялык долбоору – Нарын, Казарман жана Көкөмерен дарыяларында ГЭС каскадын куруу сунушталды Компаниянын жетекчиси жана Атлантикалык кеңештин камкорчулар кеңешинин мүчөсү Ахмет Орен Кыргызстандын инвестициялык потенциалы жогору экенин белгиледи. Анын айтымында, туруктуу экономикалык өсүш, инвестициялык климатты жана жаштардын потенциалын жакшыртуу өлкөнү ири долбоорлор үчүн жагымдуу кылат Ал ошондой эле эл аралык энергетикалык жана инвестициялык компанияларды Кыргызстанды энергетика жана инфраструктура тармагындагы жаңы долбоорлор үчүн аянтча катары активдүүрөөк кароого чакырды


