Эбола вирусун жуктургандардын саны 600дөн ашты
Конго Демократиялык Республикасы менен Угандада эбола вирусун жуктургандардын саны 600дөн ашты.Бул тууралуу Африканын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору билдирди. Коңшу эки штатта кооптуу эпидемиядан каза болгондордун саны 102ге жетти. Борбордун айтымында, илдеттин жайылышына ага каршы күр

Конго Демократиялык Республикасы менен Угандада эбола вирусун жуктургандардын саны 600дөн ашты.Бул тууралуу Африканын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору билдирди. Коңшу эки штатта кооптуу эпидемиядан каза болгондордун саны 102ге жетти. Борбордун айтымында, илдеттин жайылышына ага каршы күрөшүү иш-чараларынын жай жүрүп жатканы себеп болууда. Эбола катталган аймактардагы медициналык мекемелердин көбүнүн абалы начар. Ичүүчү суу, өрттөөчү мештер, жеке коргонуу каражаттары жана дезинфекциялоочу шаймандар жетишсиз. Ошондой эле медициналык адистер, тез жардам унаалары жетишсиз. Мындан тышкары, байланыш жолдорунун начардыгы кырдаалды татаалдаштырат


