Эбола күчөп, дарыгерлер иш таштоодо
Конго Демократиялык Республикасында дарыгерлер уланып жаткан Эбола эпидемиясынан улам иш ташташты, деп билдирет SBS News Иш таштоо буткул елкену кучагына алды. Аны ДР Конгодогу медициналык кызматкерлердин эң ири профсоюзу болгон Дарыгерлердин Улуттук Синдикаты уюштурат Митингчилер айлык акыны жог

Конго Демократиялык Республикасында дарыгерлер уланып жаткан Эбола эпидемиясынан улам иш ташташты, деп билдирет SBS News Иш таштоо буткул елкену кучагына алды. Аны ДР Конгодогу медициналык кызматкерлердин эң ири профсоюзу болгон Дарыгерлердин Улуттук Синдикаты уюштурат Митингчилер айлык акыны жогорулатууну, эмгек шарттарын жакшыртууну жана саламаттыкты сактоого мамлекеттик чыгымдарды көбөйтүүнү талап кылышууда. Профсоюз ошондой эле Эбола эпидемиясы чыккан аймактардагы дарыгерлердин иштөө шарттарын өзгөртүүнү талап кылууда. Мындан тышкары, мындай адистерге жөлөк пул сурайт Дарыгерлер мамлекетти ооруканаларды жана оорулуулар менен изоляциялык палаталарды кайтарууга армияны тартууга чакырышууда. Акыркы жумаларда Конго Демократиялык Республикасында саламаттыкты сактоо мекемелерине бир нече кол салуу болду Конго ДР өкмөтү бейшемби күнү эртең менен өлкөдө Эболадан 127 өлүм катталганын билдирди. 15-майда башталган эпидемиянын очогу өлкөнүн түндүгүндөгү Итури провинциясында жайгашкан

