Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Дүйнөлүк премьералар: Бишкек IV эл аралык кинофестивалы өтөт

Бишкек, 04.06.26. /Кабар/. 7–12-июнь күндөрү борбор калаада IV Бишкек эл аралык кинофестивалы өтөт Маданият министрлигинен билдиришкендей, фестивалдын салтанаттуу ачылыш аземи 7-июнда Т. Усубалиев атындагы аянтта ачык асман алдында өтөт. Саат 18:00дө катышуучулар, коноктор жана эл аралык калыстар т

0 көрүүkabar.kg
Дүйнөлүк премьералар: Бишкек IV эл аралык кинофестивалы өтөт
Paylaş:

Бишкек, 04.06.26. /Кабар/. 7–12-июнь күндөрү борбор калаада IV Бишкек эл аралык кинофестивалы өтөт Маданият министрлигинен билдиришкендей, фестивалдын салтанаттуу ачылыш аземи 7-июнда Т. Усубалиев атындагы аянтта ачык асман алдында өтөт. Саат 18:00дө катышуучулар, коноктор жана эл аралык калыстар тобу салтка айланган "Асман килем" көк килеми аркылуу өтүшөт. Ал эми саат 19:00дө расмий ачылыш аземи башталат. Иш-чаранын соңунда уюштуруучулар борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн атайын сюрприз даярдашкан Фестивалдын алкагында Эл аралык сынак, Борбор Азия сынагы жана улуттук "Kyrgyz Box" программасы көрсөтүлөт. Тасмалар "Broadway", ЦУМ, "Ала-Тоо", "Космопарк" кинотеатрларында жана Т. Усубалиев атындагы аянттагы ачык асман алдындагы аянтчада тартууланат Быйыл фестивалда премьералык көрсөтүүлөргө өзгөчө көңүл бурулган. Программага Кыргызстан, Казакстан, Иран, Кытай жана Черногория мамлекеттеридин дүйнөлүк премьералары, ошондой эле эл аралык жана улуттук премьералар киргизилген Конкурстан тышкаркы программада ачык асман алдында студенттик кыска метраждуу тасмалардын көрсөтүүлөрү, кыргыз кино жана театр өнөрүнүн көрүнүктүү өкүлү Догдурбек Кыдыралиевдин ретроспективасы, Монгол кино жумалыгы, ошондой эле кино тармагынын өкүлдөрү үчүн "CAF Pitch", "Bars in Progress", панелдик талкуулар жана сценарий боюнча мастер-класстардан турган ири индустриялык программа уюштурулат Фестивалдын негизги окуяларынын бири катары белгилүү француз актрисасы Одри Тотунун катышуусундагы жолугушуу өтөт. Жолугушуу 8-июнда саат 15:30да "Broadway" кинотеатрында уюштурулат IV Бишкек эл аралык кинофестивалы эл аралык маданий диалогду өнүктүрүүгө, автордук кинону колдоого жана Борбор Азия кинематографиясын дүйнөлүк деңгээлде таанытууга багытталган маанилүү аянтча болуп калат

Kaynak: kabar.kg

Diğer Haberler