Дональд Трамптын билдирүүлөрү жана мунайдын баасы
АКШнын президенти Дональд Трамптын Ормуз кысыгын ачуу үчүн Иранга 6-апрелге чейин берген убактысы бүтүп калды. Бул тууралуу Трамп Ак үйдөгү брифингде билдирди. Анын айтымында, эгер Иран кысыкты ачпаса, ага катуу сокку урулат AZERTAT билдирет: Д.Трамптын сөзүнөн кийин мунайдын баасы көтөрүлө баштады

АКШнын президенти Дональд Трамптын Ормуз кысыгын ачуу үчүн Иранга 6-апрелге чейин берген убактысы бүтүп калды. Бул тууралуу Трамп Ак үйдөгү брифингде билдирди. Анын айтымында, эгер Иран кысыкты ачпаса, ага катуу сокку урулат AZERTAT билдирет: Д.Трамптын сөзүнөн кийин мунайдын баасы көтөрүлө баштады. Ошентип, Лондондун ICE биржасында "Brent" мунай фьючерстеринин бир баррелинин баасы 2,43 пайызга жогорулап, 111,89 доллардан ашты Ал арада Иран АКШнын бардык сунуштарын четке кагып, Ормуз кысыгын ачпай турганын билдирди. Тегеран бийликтери АКШ президентинин коркутууларына жооп берип, "Жакынкы Чыгышты тозокко айлантабыз" деп жарыялашты Согуш менен геосаясий процесстердин уланышы дүйнөлүк энергетика рыногунда чыңалууну күчөттү. Бирок бир нече күн мурда АКШнын шаарларында миллиондогон адамдардын катышуусунда массалык акциялар өтүп, согушту токтотуу талабы коюлган. Ошондон кийин ушундай кырдаал түзүлүп, баары Д.Трамптын бул саясий башаламандыктан чыгуу үчүн оң пикирин күтүштү. Бирок ал согуш улана берерин жана Иранга кургактагы аскерлерин жөнөтөрүн ачык айтты «Рейтер» агенттиги мунайдын дүйнөлүк рынокко чыгуусунун жабылышы экономикалык кесепеттерди жаратууну улантып жатканын жазат. Пакистандын финансы министерствосунун билдируусуне Караганда, елкеде мунайдын 12 кундук запасы калды. Өлкөдөгү окуу жайлары жабылып, студенттер дистанттык окууга өткөрүлдү. Мамлекеттик структураларга тиешелүү унааларга бөлүнгөн күйүүчү май 50 пайызга кыскарды. Автоунаалардын 60 пайызын колдонууга тыюу салынды. Мамлекеттик органдар 4 күндүк иштөө режимине өттү Ирандын Ормузга протектораты жана кемелердин кысыктан өткөнү үчүн акы алуу аракети АКШ Сенатын кыжырдантты. Республикачыл сенатор Линдси Грэм согуштун жыйынтыгы кандай болбосун, Ормуз кысыгы Ирандын колунда калышына жол берилбейт деп билдирди. Анын айтымында, АКШ кысыкты өзү көзөмөлгө алышы керек жана бул үчүн зарыл чараларды көрүшү керек "Bloomberg" агенттиги өткөн аптада Иран 21 танкердин Босфор аркылуу өтүшүнө уруксат бергенин кабарлады. Ирандын танкерлерди Босфор кысыгы аркылуу коё бериши, мунайдын базардагы баасынын кескин өсүшүн басаңдатат. Танкерлер Түркия, Ирак, Кытай, Индия жана Жапонияга таандык болгон. Бирок бул рыноктун талабын канааттандырбайт. Аскердик операцияларга чейин Ормуз кысыгы аркылуу күнүнө 135 кеме өткөн Ирандын Ислам кеңешинин (парламент) Улуттук коопсуздук комитетинин мүчөсү Аладдин Боружерди Иран парламенти Ормуз кысыгы аркылуу өткөн кемелерден жыйым алуу боюнча мыйзам даярдап жатканын билдирди. Азырынча аскерий операциялар жана андан пайда болгон күйүүчү май кризиси уланууда 2026 © AZERTAC. Автордук укук корголгон. Маалыматты колдонуу гипершилтеме менен көрсөтүлүшү керек


